30- Июнь 2017 -жылы Астероиддин эл аралык күнү
Астероиддин эл аралык күнү. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2016-жылдын 6-декабрындагы резолюциясында майрам деп жарыяланган. Дал ушул датанын майрам катары белгиленишинин себеби - 1908-жылдын ушул күнү Тунгус метеорити Жер планетасы менен кагышып, бул окуя тарыхтагы масштабдуу кырсыктардын катарын толуктаган. Окумуштуулардын пикиринде Күн системасында өлчөмү 1 чакырымдан ашкан 2 миллионго жакын астероид бар болушу мүмкүн. Алардын көбү Марс жана Юпитер планеталарынын ортосундагы уюлда топтолгон. Жер бардык белгилүү болгон астероиддерден чоң болгонуна карабай алар планетабызга чоң коркунуч туудуруп келет. Эгерде Жер планетасы өлчөмү 3 чакырымдан ашкан астероид менен кагышса, цивилизация жок болуп кетиши мүмкүн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан