28- Июнь 1978 -жылы Түштүк Кореянын белгилүү актрисасы Ха Чжи Вон туулган
Түштүк Кореянын сериалдарын сүйүүчүлөр бир кезде, тагыраагы 2010-жылы “Сырдуу бак” (“Secret garden”) дорамасын баса калып да, жата калып да көрүшкөн. Андагы баш каармандын ролун ойногон жана аталган өлкөнүн белгилүү актрисаларынын бири Ха Чжи Вон Сеул шаарында 28-июнь күнү туулган. Ал бардык жанрдагы образды оңой жарата алган өнөрү менен кесиптештеринен төөлүк өйдө турат. Мелодрама, комедия, экшн, триллер – Ха Чжи Вон мунун баарын өз жон тери менен сынап көрүп, күйөрмандарынын алкоосуна арзып келет. Татаал каармандарды берилүү менен жаратуудан да коркпойт. Фехтование, аэробика, бокс – Чжи Вон ролун дублёрсуз ойноо үчүн нөлдөн баштап үйрөнгөн спорт түрлөрүнүн чети гана... Актриса дебюттук ролун 1996-жылы ойноп, бирок атактуулуктун туу чокусун 2010-жылы багынткан. Ошол жылы ал “Сырдуу бак” (“Secret garden”) деген сериалга белгилүү актёр Хён Бин менен чогуу тартылган. Аталган дораманы Түштүк Кореяда ар бир үчүнчү адам көргөн. Акыркы тартылган сериалдарынын ичинен “Император айым Ки” ("Empress Ki") дорамасын белгилөөгө болот. Үй-бүлөлүк статусу - бойдок. Ошондуктанбы, "белгилүү айымдардын ичинен кимиси жубайым болсо деп кыялданасыз?" деген суроого аталган өлкөдөгү үйлөнө элек атактуулардын көбү дал ушул Ха Чжи Вондун ысымын айтышат. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан