
Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Баткен облусунун Лейлек районунун Катраӊ айылында туулган. Жогорку билимдүү. Экономист адистиги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Бир нече жылдар бою "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген.
2009-2010-жылдары "Медиа-Форум" ачык акционердик коомунда экономист;
05.2010-07.2011 – Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы;
12.2010-12.2011 – Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы;
12.2011-10.2012 – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары;
11.2012-04.2015 – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2015-жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеген;
2017-жылы апрель айында Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп дайындалган;
"Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеӊешчиси" класстык чини бар. 7 бир тууган. Бир иниси райондук салык кызматкери болуп иштейт, калгандары жеке ишкердик менен алектенет. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.