8- Июль 1984 -жылы
Кыргыз кино актёру Уланбек Султангазиев туулган
Кыргыз кино актёру жана сүрөтчү Уланбек Султангазиев 1984 жылы, 8-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган. Атасы ветеринар, апасы педагог, тилчи жана адабиятчы. Султангазиевдин бала чагы Ат-Башы өрөөнүндө, Ак-Моюн айылында өткөн. Орто мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы Көркөм сүрөт-өнөр академиясынын алдындагы окуу жайдын живопись бөлүмүнө тапшырган. Бул бөлүмдү акятаган соң, ушул эле окуу жайдын театр-жана кино бөлүмүнө тапшырып окуп калат. Кыргыз кино жаатына Уланбек Султангазиев 2009-жылдан тарта аралаша баштаган. Тартылган белгилүү тасмалары: "Аят" - 1, 2, 3, "Эркектер", "Талас-Бишкек", "Гаишники", "Кандуу сүйүү", "Соолуган карек", "Кандуу суйуу-2", "Сен эмне кылмаксың?", "Пустой дом", "Карт-Бойдок-2", "Жамгырдагы үч адам", "Энеке", "Тагдыр", "Жамгырдан кийин" аттуу тасмаларда роль жараткан.