5- Июль 1987 -жылы
Белгилүү түштүк кореялык актёрлордун катарына кирген, "Император айым Ки" сериалы менен таанылган Жи Чан Ук төрөлгөн.
Учурда белгилүү түштүк кореялык актёрлордун катарына кирген Жи Чан Ук 1987-жылдын 5-июль күнү төрөлгөн. Атактуу болгонго чейин аны көпчүлүк Гу Чжун Пёнун ролун аткарган Ли Мин Хого салыштыра беришчү. Кебетеси, келбети гана окшошуп кетпестен, экөө тең 1987-жылкы жана актёрлук карьерасын да бирдей мезгилде башташкан. Салыштырууну ушуну менен токтотуп, бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан каарманга кайрылсак.
Жи Чан Ук биринчи жолу 2006-жылы тасмага тартылган, бирок көпкө чейин эл оозуна алына албай жүргөн. Бирок бир жагдайда ал жолдуу чыгар, эң башында тартылган сериалдардын баарынын рейтинги жогору болгон. Ошондон улам, ал көрөрмандардын да, режиссёрлордун да көзүнө көрүнүп калууга жетишкен. Чыныгы атактуулукту ал “Император айым Ки” сериалында башкы ролду аткаруу менен багындырган. Бул сериал Түштүк Кореяда гана эмес, Кытай, Япония, АКШ, Орусия жана Европа өлкөлөрүндө да көптөгөн күйөрмандарды чогулткан. Акыркы тартылган дорамалардын ичинен “Хилер”, “К2”, “Шектүү өнөктөштү” белгилөөгө арзыйт. Жи Чан Ук актёрлуктан тышкары жакшы ырдайт. Баса, жогорку окуу жайдын театр жана кино бөлүмүнө тапшырууда сынактан ырдоо өнөрү менен өтүп кеткен. Кызыктуусу – эл оозуна алына албай жүргөн кезинде Жи Чан Ук токуганды үйрөнгөнүндө. Маектеринин биринде ал “мен ушундай жол менен өзүмдү сооротчумун” деген. Биринчи алган гонорарын апасына карматкан, анын себебин апасы уулуна өмүрүн арнап койгондугу менен түшүндүргөн. Жи Чан Ук 5 жашка чыкканда эле атасы кайтыш болуп калып, апасы башкага турмушка чыккан эмес, үйдө жалгыз эле бала. 2015-жылы Түштүк Кореядагы эң көп гонорар алган алдыңкы ондукка кирген. Орточо ошол жылдары сериалдын ар бир бөлүгү үчүн 42 миң доллар алып турган.