7- Июль 1976 -жылы Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов туулган
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз Эл аралык университетин, 2007-жылы АКШда Түндүк Техас университетин, 2005-жылы Япониядагы Нагойи университетин аяктаган. 1997-жылы Улуттук банкка экономист катары жумушка алынып, 2006-жылы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндөгү башкы экономисттик кызматка чейин жеткен. Кийин "Маалыматтык келечек" коомдук фондунун директору, Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинде консультант, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде экономика кафедрасынын башкы окутуучусу болуп иштеген. 2009-жылы президенттик администрацияда экономика боюнча эксперт, 2010-жылы экономика министрлигинде статс-катчынын милдетин аткаруучу, өкмөт аппаратында экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болгон. Толкунбек Абдыгулов 2014-жылы Улуттук банктын төрагасы кызматына келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан