12- Июль 2017 -жылы Фотографтардын бүткүл дүйнөлүк күнү
1839-жылы франциялык Луи-Жак Манде Дагер аттуу адам фотосүрөттү кантип алуунун жолун издеп, бир нече эксперименттерди жүргүзүп көрөт. Ал жалпак жукартылган жез металлды күмүш менен каптап, аны йоддун буусу менен буулантып иштеп чыгат. Жыйынтыгында жарыкты сезгич күмүштүн иодиди алынат. Андан соң Луи Дагер алынган элементти жарым саатка нур менен жарыктандырган соң, караңгы бөлмөгө алып кирип, бир нече убакытка чейин ысытылган сымаптын буусуна кармап турган. Металлдын бетинде пайда болгон сөлөкөттүн көпкө кармалып туруусу үчүн кайнатылган тузду колдонгон. Ошону менен Даггер сапаттуу сүрөт алууну ойлоп тапкандардын сап башында жазылып калган. Бул эмгегин дагеротипия деп атап, бирок сүрөттү көбөйтүүгө мүмкүн эмес экендигин белгилеген. Маанилүү жана тарыхий көз ирмемдерди кылымдарга сактап калуунун жолу фотография экенин түшүнгөн илимпоздор бул кубулуштун үстүнөн тынбай тер төгүп эмгектенишкен. Луи Дагер иштеп чыккан эмгектин негизги объектиси болгон фотоаппараттар ойлоп табылган соң, XIX кылымдын соңунда коомго фотографиялык журналистика түшүнүгү кирген. Мына ушундан тартып гана фотограф кесиби негизделген делет тарыхта. Ушул учурда алгачкылардан болуп, 1912-жылы Данияда профессионалдык деңгээлдеги уюм - ЖМКлар фотографтарынын бирикмеси түзүлгөн. Ага 6 фотокабарчы кирген. Көпчүлүк учурларда фотографтар ар кайсы басылмаларда иштешип, ар түрдүү көз ирмемдерди кармап калууга жардам беришкен. Мунун негизинде журналистика жаатында эмгектенгендер социалдык теңсиздик, коомдогу түрдүү көйгөйлөр, кедейчилик, балдарды мыйзамсыз оор жумушка тартуу, алардын эмгегин пайдалануу, зордук-зомбулук сыяктуу маселелерди козгоп, аларды фотографтардын сүрөттөрү аркылуу чагылдырып келишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан