Уругвайдын Монтевидео шаарында 1930-жылы, 13-июлда футбол боюнча алгачкы Дүйнө чемпиондугу орун алган. Ага Түштүк Америкадан 7 өлкө, Европа аймагынан 4 өлкө, Түндүк Америкадан 2 өлкө катышышкан. Дүйнө чемпиондугунун алгачкы эки беттеши бир убакытта башталган, анда Франция 4:1 эсеби менен Мексиканы жеңсе, АКШ 3:0 эсеп менен Бельгия курамасын жеңген.