15- Июль 1945 -жылы Орусиялык продюсер Юрий Айзеншпис туулган
Юрий Шмильевич Айзеншпис 1945-жылы 15-июлда Челябинскте жарык дүйнөгө келген. Эгер 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Айзеншпистин апасы Челябинскке эвакуацияланбаганда, ал Москвада төрөлүп калмак. Бирок Юрий акыры жүрүп Москвага кайтып келген. Тактап айтканда, мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы экономикалык-статистикалык институтка тапшырып, аны 1968-жылы аяктаган. Инженердик кесипке ээ болуп чыккандыгына карабай, Айзеншпис музыка тармагында карьера күтүүнү тандаган. Ал маданият жаатындагы эмгегин 1965-жылы "Сокол" аттуу рок-группанын администратору болуудан баштаган. Жаш маданият кызматкеринин жасаган иш-аракеттери СССРдин ички иштер органдарынын көңүлүн бурдуруп, валюталык операцияларды мыйзамсыз жүргүзгөн деген айып менен 17 жылга эркинен ажыратылат. 1980-жылдардын аягында "Галерея" чыгармачылык бирикмесинде жаш аткаруучулардын катышуусунда концерттерди уюштуруп иштеп калат. 1988-1990-жылдар аралыгында Юрий легендарлуу "Кино" тобунун директору болуп эмгектенген. Ал алгачкылардан болуп пластинкаларды чыгаруу боюнча мамлекеттик монополияны бузуп, насыяга алган акчага "Черный альбом" пластинкасын чыгарган. Бул "Кинонун" акыркы альбому болгон. Мындан кийин ал аталган топ менен иштешүүнү токтотуп, "Технология" тобу менен андан кийин "Моральный кодекс" тобу менен иштешкен. Айзеншпис таптап чыккан ырчылардын катарында кийинки сапта Линда, Влад Сташевский жана башкалар турат. Айзеншпис "Эң мыкты продюсер" деген наам менен "Овация" Орус улуттук музыкалык сыйлыгынын лауреаты болгон. 2001-жылдан тарта "Медиа-стар" компаниясынын генералдык директору болуп иштеген. Бирок өзү ушунча мезгил музыка дүйнөсүндө иштеп келип, музыкант болгон эмес. Анткен менен орус эстрадасында Айзеншпис "жылдыздарды" таптап чыгууда мыкты мастер болуп кала берди. Анын акыркы долбоору ырчы Дима Билан болгон. Юрий Айзеншпис 2005-жылы 20-сентябрда жүрөк оорусунан көз жумуп, Домодедов көрүстөнүнө коюлган. Анын өлүмүнөн кийин 2006-жылы Дима Билан ага арнап, "Я тебя помню" ырын жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан