17- Июль 1989 -жылы
Актёр Анвар Осмоналиев туулган
“Асман алдында” тасмасы аркылуу белгилүү болгон жаш актёр Анвар Осмоналиев 1989-жылы 17-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кичинесинен актёрлук кесипке кызыккан Анвар Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драм театрынын алдындагы 4 жылдык театр жана кино актёру бөлүмүн аяктаган. Учурда аталган театрда эмгектенет (2017).