18- Июль 1938 -жылы СССРдин Эл артисти Хусейн Мухтаров туулган
Опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Хусейн Мухтаров Чүй районуна караштуу Кең-Булак айылында туулган. 1956-жылы вокалдан сабак ала баштайт. 1964-жылы Москвада консерваторияны аяктап келип, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болот. Жубайы, КРнын Эл артисти Эсен Молдокулова менен биргеликте концерттерде ырдап чыккан. Анын репертуарында М.Глинка, А.Бородин, П.Чайковский, С.Рахманинов, Г.Свиридов жана башка орус, укрин, дунган, казак жана кыргыздын ырларын аткарган. СССРдин бир катар шаарларында жана Венгрия, Польша, Канада, Сирия, Тунис, Эфиопия, Йемен, Лаос өлкөлөрүнө гастролдоп барып, талантын көрсөткөн. Мухтаров Хусейн умер 2001-жылы 5-мартта каза болгон. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан