20- Июль 2017 -жылы Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болгон
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болгон. Жол кырсыгы эртең менен саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу жана эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Хонда Одиссей унаасында 6 адам, оор жүк ташуучу унаада 2 адам болгон. Ал эми Хонда Степвагон унаасындагы 9 адамдын 8и (4 эркек, 3 аял, 5 жаштагы кыз) окуя болгон жерден каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына "Тез жардам" унаасы менен жөнөтүлгөн. Айдоочу баш мээсинен катуу жаракат алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан