26- Июль 1959 -жылы
америкалык актёр жана режиссёр Кевин Спейси туулган
Америкалык актёр, режиссёр жана продюсер Кевин Спейси 1959-жылы 26-июлда АКШнын Нью-Жерси штатында туулган. Актёрлук карьерасын театрдан баштап, 1995-жылы алгачкы ирет тасмага тартылуу сунушун кабыл алган. Кийин “Сүйлөөк” тасмасына катышып, андагы ролу үчүн “Оскар” сыйлыгына татыган. Ал катышкан “Жети”, “Шектүү жүздөр”, “Лос-Анжелестин сырлары”, “Супермендин кайтып келүүсү” жана башка бир топ фильмдер коомчулукка кеңири тарап, актёрго тез арада атак-даңк алып келген.
Кевин бир да жолу үйлөнгөн эмес жана ушул кезге чейин жеке жашоосу тууралуу айтуудан баш тартып келет. Мындан улам көпчүлүк басылмалар анын салттуу эмес ориентацияда деп жазып чыгышкан. Актёр өзү бул маалыматты четке каккан.