26- Июль 1967 -жылы англиялык актёр Жейсон Стэтхем туулган
Англиянын белгилүү актёру Жейсон Стэтхем 1967-жылы 26-июлда Шайрбрук шаарында туулган. Анын атасы боксчу болгондуктан, уулун да спортко жакын кылып өстүргөн. 1990-жылдары спортчулар менен иштешип жүргөн жарнама агенттигинин кызматкери Жейсонду байкап, “Tommy Hilfiger" компаниясынын жарнамасына тартылууну сунуштаган. Макулдук берген Стэтхемдин карьерасы дал ушул жарнамадан соң башталган. Андан кийин Гай Ричинин “Карта, акча жана 2 замбирек” деген тасмасына тартылып, дебюттук ролун аткарган. 2002-жылы жарыкка чыккан “Ташуучу” (“Перевозчик”) тасмасы актёрго атактуулукту гана эмес, жетиштүү киреше да алып келген. Аталган тасмадан алган гонарары миллион долларды чапчыса, кийинки жылдары чыккан тасманын уландысынан андан да көп каражат тапкан. Ошондой эле “Форсаж 6-7-8” тасмаларындагы Деккард Шоунун образын да мыкты ачып берген. Жейсон Стэтхем 2010-жылдан тарта Роузи Уайтли аттуу фотомодель менен мамиле куруп, былтыр никелешкенин жарыялашкан. Түгөйлөр ушул жылдын февраль айында Жек Оскар Стэтхем аттуу уулдуу болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан