8- Август 1947 -жылы
Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алмаш Чойбекова туулган
Акын Алматай (Алмаш) Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында туулган. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн (сырттан окуп) аяктаган.
Эмгек жолун 1965-жылы Фрунзедеги «Чолпон» бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылдан Токтогул районунун Суу чарба башкармалыгында кызматкер, 1973-1975-жылдары Ош облусунун кыргыз драмтеатрында актриса, 1975-1978-жылдары Токтогул районундагы Чоң-Арык айылындагы Энгельс атындагы орто мектепте пионердик тарбиячы, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген. Анын биринчи «Ак булут» аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарыкка чыккан.
1981-жылдан СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү. Акын 2016-жылы 14-июнда оор психикалык оорудан улам көз жумуп, бирок коомчулук билбей калган. Сөөгү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылына коюлган.