27- Июль 1970 -жылы
"Так талашуу оюну" сериалынын жылдызы Николай Костер-Вальдау төрөлгөн
"Так талашуу оюну" сериалынын жылдызы Николай Костер-Вальдау Даниянын Рудкобинг аймагында жарык дүйнөгө келген. Өспүрүм курагында жеңил атлетика менен алектенип, жакшы жыйынтыктарга жетишкен. Бала чагында актёр болуу жөнүндө кыялданып, бирок ал тууралуу эч кимге айткан эмес. Актёрлук билим алып, дипломго ээ болгон соң режиссёрлордон сунуштар түшүп, ролдорду ийинине жеткире аткарган.
Актёр "Так талашуу оюнунан" сырткары "Египеттин кудайлары" ("Боги Египта"), "Кара карчыга" ("Чёрный ястреб"), "Апа" ("Мама"), "Обливион" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан. Николай Костер-Вальдау 1998-жылы Нукака аттуу гренландиялык актрисага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн эки кызы бар.