30- Январь 1977 -жылы "Кеңеш" тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов туулган
"Кеңеш" тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов 1977-жылы 30-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган.
Мүзүр Мамбетов бала кезинен чыгармачылыкка кызыгып, ырчы болууну самачу. Жердеш агасы Чубак Сатаевдин бардык ырларын жатка билип, анын ырларына таасирленген. Ушундан улам мектепти бүткөн соң "Кеңеш" тобун түзгөн. Би­рок ар кандай көйгөйлөргө байланыштуу топ таркап кеткен. Бишкекке келип, кафелердин биринде иштеп чыгармачыл адамдар менен таанышып, 1998-жылы тараган топту кайрадан түзүүгө киришкен.
Элге "Нике кайып", "Сирень гүлү", "Ханышам" аттуу ырлары менен таанылган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан