16- Июль 1984 -жылы
"Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова туулган
"Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова 1984-жылы 16-июлда Токтогул шаарында туулган. 7-класска чейин ырдап, кийин таштап койгон. Мүзүр Мамбетов менен таанышкан соң чыгармачылыкка болгон кызыгуусу ойгонгонун айткан ырчы.
1998-жылы "Кеңеш" тобу түзүлүп, ошол маалда топтун ырчысы болуп калган.
Элге "Нике кайып", "Сирень гүлү", "Ханышам" аттуу ырлары менен таанылган.