3- Август 1995 -жылы Инстаграм жылдызы Эльдана Сатыбалдиева туулган
Күлкүлүү видеолору менен Инстаграмда популярдуулугу болгон Эльдана Сатыбалдиева eldana_foureyes деген ат менен белгилүү. Сатыбалдиева Эльдана Элмурзаевна Бишкек шаарында туулган. Малайзиядагы Тэйлорс университетинин массалык телекоммуникация факультетинде окуйт.  Фортепианодо, гитарада ойнойт. Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын ортончусу. Уялчаак, телефондон көзүн албай, кулагынан наушник түшпөгөн Эльдананын атасы убагында Кыргыздын  башкы прокурору болгон Элмурза Сатыбалдиев. Эльдана Сатыбалдиеванын видеолору креативдүүлүгү менен бир гана Кыргыз жеринде эмес Казакстан, Орусия өңдүү коңшу мамлекеттерде да күйөрмандарын таба алган. Ал орусиялык жана казакстандык вайнерлер менен биргеликте видеолорду тартып келет. Дайыма көз айнек тагынып жүргөндүктөн Инстаграмдагы нигин да eldana_foureyes деп ачкан. foureyes – "төрт көздүү же көз айнекчен адам" дегенди түшүндүрөт. Вайнер дайыма спорттук кийимдерди кийип, боёнбой жүргөндүктөн анын көйнөк кийген сүрөтүн көргөндөр таң калышканын жашырышкан эмес. Кийинүү стилин атасы алгач сындап, кийинчерээк түшүнүү менен кабыл алганын белгилейт. Вайнер башында апасын да өзүнүн видеолоруна тартчу. "Түнкүсүн идиш жуугум келбегенде" аталышындагы видеодо Эльдананын апасын көрүүгө болот.Элдана Сатыбалдиева мурун 15 секунддук видеолорунда эле кыргыздын каада-салттарын, менталитетин, баланы тарбиялоодогу өзгөчөлүк, чет өлкөдө өзүн алып жүрүшүн күлкүлүү, оригиналдуу кылып чагылдырып келген. Ал өзүн өзү шылдыңга алуудан коркпой, коомдогу көйгөйлөрдү күлкү аркылуу жеткире алат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан