Дарбыз майрамын белгилөө Америкада башталып, учурда бул датага Кытай да чоң маани берет. Бул өсүмдүк америкалыктарда жаратылышка чыгып эс алуу үчүн негизги азык катары пайдаланылса, Кытайда конокко алып барууну көпчүлүгү салтка айландырган. Кытайга бул жашылча XX кылымда соода кемелери аркылуу алынып келинген. Ошондон тартып эле алар дарбызга маани берип, аны көпчүлүк дыйкандары өстүрүшөт. Чаңкоону баскан ошол эле учурда калориясы төмөн болгон дарбыздын күнүн белгилөөнү ким демилгелеп, бул дата кабыл алынып калганы жергиликтүүлөр үчүн белгисиз. Интернет булактарындагы маалыматтарга ылайык, дарбыздын мекени болуп Түштүк Африкадагы Калахари аралы эсептелинет. Аталган аралдан ушул күндө да жапайы дарбыздарды кезиктирүүгө болот. Дарбыз 92 пайыз суудан туруп, жайдын аптаптуу ысыгында чаңкоону басуучу бакча өсүмдүгү. Анда кальций, магний, натрий жана калий бар болгондуктан адамдын денесинин кургап, өзү суусап кетүүсүнөн көпкө чейин сактайт. Дүйнөдө дарбыздын 1200 сорту бар. "Гиннесстин рекорддор китебине" эң чоң дарбыз катары америкалык Крис Кент өстүргөн салмагы 159 килограммды түзгөн дарбыз кирген.
Төрт бурчтук дарбыздарды мындан 40 жыл мурун япониялык дыйкандар өстүрө баштаган. Адегенде дарбыз мөмөсүн байлаган учурда калыпка салып, ал ошол калыпта бышат. Япон дыйкандары дарбызды жыюуга ыңгайлуу болушу үчүн төрт бурчтук кылып өстүрүүнү ойлоп табышкан. Бүгүнкү күндө жүрөктүн формасындагы, пирамида жана башка формадагы дарбыздар өстүрүлөт. Аларды белекке берүү үчүн сатып алышат.
* Вьетнамда жаңы жыл майрамын белгилөөдө майрамдык дастарконго сөзсүз дарбыз коюлат. Вьетнамдыктар кызыл түстү ийгилик менен байланыштырышат. Украинанын Херсонск облусунда дарбыздын эстелиги тургузулган.
Дарбыз климаты жылуу болгон 100гө жакын өлкөдө өстүрүлөт. Кытай жылына 63 миллион тонна дарбыздын түшүмүн алып, аны эң көп өстүргөн өлкөлөрдүн алдынкы сабында турат. Андан кийин Түркия, Иран, АКШ, Бразилия, Өзбекстан, Мексика жана башка мамлекеттер кирет.
Бышкан дарбыздын сабагы кургак болот жана аны чертип көрсөңүз көңдөй нерседен чыкканга окшогон үн чыгат.