7- Август 1984 -жылы
VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева туулган
КСДП парламенттик фракциясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарында туулган. 2001-2005-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин Журналистика факультетин аяктаган. Депутаттыкка келгенге чейин Азаттык радиосунда иштеген. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын алган. “Аялдарга жана кыздарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча жымжырттыкты бузуу” сынагынын алкагында эрте турмуш куруу жөнүндөгү “Эрте келген турналар” аттуу документалдык фильми үчүн биринчи орунду алган. “Жыл ачылышы” атайын сыйлыгы - «Бир дүйнө» кинофестивалында мигрант аялдар жөнүндөгү фильми үчүн сыйланган. Developing Asia Journalism Awards – 2006 Эл аралык сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү, Developing Asia Journalism Awards – 2006 Эл аралык сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү /Токио, Япония жана КРнын Президентинин “Үмүт” стипендиясынын ээси.