9- Август 1976 -жылы
Француз актрисасы Одри Тоту төрөлгөн
Француз актрисасы Одри Тоту Франциянын Окситания облусундагы Бомон коммунасында төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Одри Жюстин Тоту. Музыкалык мектептин фортепиано классын аяктап, ата-энесинин каалоосу боюнча актёрдук чеберчилик боюнча сабак алган. Актриса немис жана англис тилдеринде эркин сүйлөй алат. 1999-жылы ""Венера" Сулуулук салону" ("Салон красоты "Венера"") аттуу толук метраждуу фильмге тартылып, "Сезар" сыйлыгын алган. О.Тотуну дүйнөлүк масштабдагы жылдызга айланткан ролу - "Амели" тасмасындагы башкы каармандын образы.