10- Август 2016 -жылы
Бразилияда өткөн 31-жайкы Олимпиадада Кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыков коло медалын тагынган
2016-жылы 10-августа Бразилияда өтүп жаткан "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта Кыргыз спортчусу Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөргөн. Спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 339 килограммды түзүп алдынкы үчтүккө кирүүсүн шарттаган.
Бирок арадан 8 күн өтпөй Иззат Артыков Эл аралык спорт арбитраждык соттун чечими менен уткан коло медалынан ажыратылган. Спортчунун заарасынан стрихнин заты табылган деп Иззат Артыков Олимпиада оюндарынан четтетилген.