Өзүнүн аракетчилдиги менен англис тилин үйрөнүп баштайт. Бул Лондондогу музыка жана драма академиясына окуу үчүн аракети эле. Тил билүү деңгээли жогорулап Уильям Шекспирдин чыгармасын оригиналын өзү окуп, академияга тапшыра алган. Окуу жайды 1998-жылы бүтүргөн. "Акылсыздар үйү", "Кыштагы арстан", "Ханышанын биринчи эрежеси" өңдүү тасмаларга тартылган. 2016-жылы Андрей Кончаловский тарткан "Бейиш" аттуу тарыхый тасмада актриса еврей балдарды куткарган каармандын ролун жараткан. 2003-жылдан тартып орусиялык телеканалда "Үйдө тамактанабыз", "Юлия Высоцкая менен бирге тамактануу" көрсөтүүлөрүн алып барып келген. Юлия Высоцкаянын ашкана сырлары жөнүндө жазылган китептери миллиондогон экземплярда сатылган. 2011-жылы "Ёрник" ресторанын ачкан. Андан соң тамак жасоону үйрөтүүчү "Julia Vysotskaya" студиясын негиздеген.
Высоцкая Беларуста окуп жүргөндө окуусун аяктоо, ишке орношуу үчүн жарандык алышы керек эле. Бул максатта атайын сүйлөшүп, ошол эле окуу жайдын студентине турмушка чыккан. Окууну аяктагандан кийин экөө достук мамиледе калган. Юлия Высоцкая башка кесиптештеринен айырмаланып жеке жашоосу тууралуу көп айта бербейт. Актриса жолдошу режиссер Андрей Кончаловский менен 1996-жылы "Кинотавр" кинофестивалында таанышышкан. Жаш курагынын айырмачылыгы 35 жыл болгонуна карабай экөөнүн мамилеси сүйүүгө айланып 1999-жылы кыздуу болушкан. Режиссерго турмушка чыккандан кийин актриса Михалковдор кланына кирет. Ал жаңы үй-бүлөсү жакшы кабыл алганын, жолдошунун мурунку никедеги баласы менен тил табыша алганын белгилеген. Жубайлар 2003-жылы Пётр атуу уулдуу болушкан. 2013-жылы Францияда Андрей Кончаловский жол кырсыгына кабылган. Унаада отурган кызы Маша баш мээсинен катуу жаракат алып комага түшүп калган. 2016-жылдын соңунда актриса кызынын абалы жакшырып жатканын кабарлаган.