
16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Текебаев акыркы сөзүн сүйлөгөндөн кийин сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткен эле. Арадан 5 сааттан ашык убакыт өткөн соң чыккан сот өкүмдү окуду. Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылды. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырды. Мындан сырткары абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды.
Бул өкүмгө нааразычылыгын билдирген тарапташтары сотко "Наалат!" деп кыйкырып жатышты. Ал эми жактоочулары шаардык сотко арызданышарын айтышты.
2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Саясатчылардын иши боюнча соттук отурум жумасына 2 же 3 күн, ар бири сегиз саатка чейинки убакытта (кээде 10 саат) өтүп жатты. Бир катар нааразычылык акциялар менен коштолуп, айыпталуучулардын тарапташтары ачкачылык жарыялашты. Сотко күбө катары Роза Отунбаева баш болгон убактылуу өкмөт мүчөлөрү катышты.
Соттун өкүмү чыккандан кийин депутат Жанар Акаев: "Акыркы учурларда Өмүрбек Текебаев бийликтин абийирин ача баштаган. Сотто Текебаевге каршы бир дагы ынанымдуу далил жок болгонун бүтүндөй кыргыз эли көрдү. Эң өкүнүчтүүсү, чет өлкөдөгү бир шылуундардын, жалганчылардын, тарыхы таза эмес адамдардын көрсөтмөсү менен кыргыздын уулдарынын камалып жатканы. Биз жаңы саясий муун, жаш муун кийин сөзсүз түрдө буга тиешелүү адамдарды жоопко тартышыбыз керек", - деди. Ал эми Каныбек Иманалие "Бир да аудио же видео далил жок. Мындан ким жапа чекти? Эч ким жапа чеккен жок да. Маевский чынында акча берсе, акчамды кайра алып келип бергиле деп айтыш керек эле да. Антип айткан жок да. Текебаев "Мегакомду" сатып жиберсе, 7 жыл мурун сатып жибермек да, ушул күнгө чейин мамлекеттин менчигинде турду го. Мунун баары саясий буюртма экендиги баарыбызга түшүнүктүү", деген оюн айтты.