
Легендарлуу "Шамалга буюккандар" ("Унесённые ветром") романынын автору Маргарет Митчелл 1900-жылы 8-ноябрда төрөлгөн. Бул жалгыз китеби жазуучунун өмүрүн экиге бөлүп койгон. 1936-жылы китеби болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келип, бир нече күндүн ичинде кадимки үй кожойкесинен жогорку деңгээлдеги адабий жылдызга айланган. Тилекке каршы, атактуулук да, акча да ага бакыт алып келген эмес.
"Шамалга буюккандар" романы анын турмушунун негизинде жазылганы айтылып келет. Чыгармадагы башкы каарман Скарлетт О`Хараны Маргарет Митчелл өзүнүн келбетинен жазган. Ал китепти "Скарлетт О`Хара сулуу болгон эмес" деген сөздөрү менен баштаган, бирок ал эркектерди тартып тургудай сулуулукка ээ болуп, өзгөчөлөнүп турчу.
Ага ашык болгон ондогон эркек турмушка чыгуу сунушун киргизишкен. Билимдүү, сулуу, бай кыз башынан көптөгөн сүйүү окуяларын өткөргөн Ред Апшоуну тандаган. Бирок жазуучу көп өтпөй ката кетиргенин түшүнүп, 10 ай өткөн соң ажырашып кеткен. Ал кезде ажырашуу аял киши үчүн эң төмөнкү иш катары кабыл алынган.
Өзүнүн каарманындай эле Митчеллдин эркектикиндей мүнөзү бар болчу. Ал жаш кезинде эле өзүнүн күндөлүгүнө аскердик окуу жайында окууну каалаганын жазган. Тилекке каршы, ХХ кылымдын башында аялдар аскердик кызматты өтөшчү эмес. Ага карабастан, ал журналисттик карьераны жасоону чечкен, ошол убакта бул тармак эркектердикиндей кабыл алынган.
Ал "Атланта Жорнал" гезитине жумушка орношууга келгенде, башкы редактор "жакшы үй-бүлөдөн чыккан кыз кантип шаардын төмөн катмарындагы адамдар менен сүйлөшө алат?" деген. Бирок көп өтпөй оюн өзгөрткөн. Аталган гезитте 200дөн ашуун макала жазган Маргарет Митчелл окурмандардын сүймөнчүгүнө айланып, журналисттин кесиби менен эркектер эле эмес, аялдар да ийгиликтүү алектене алышарын далилдеген.
"Жолдошу бар аял биринчи кезекте жубай болушу керек. Мен - миссис Жон Р. Марш" , - деген жазуучу экинчи жолу турмушка чыгып, жумушун таштаган. Анын күйөөсү Жон Марш жоош, сабырдуу болгон. Бирок Митчелл ал жылдары романын жазып, үй кожойкенин жашоосунан ырахат алган эмес.
Легендарлуу романды ал 1926-1933-жылдары жазып, күйөөсүнөн бөлөк эч кимге окуткан эмес. 1935-жылы гана өлкө кыдырып таланттуу жазуучуларды издеген "Макмиллан" басылмасынын өкүлү китепти окуп, жактырган.
1936-жылы китеп окурмандар арасында чуу жаратканда, автор "бул жөнөкөй адамдар тууралуу чыгарма. Анда эч кандай философиялык, укмуштуудай ойлор да жок. Кыскасы, башка мыкты сатылган романдардагы сенсация жок" деген.
Анын китеби жарыкка чыккан соң андан интервью алууну каалаган журналисттер "агылып", ар дайым өзүнүн каарманына болгон көз карашы тууралуу суроолорду беришкен.
"Мен жакшы сөздөр аз айтылчу, эң эле сонун аялды сүрөттөөгө аракет кылган эмесмин... Анын улуттук баатыр сыяктуу болуп калышын сандырактык деп эсептейм. Менин оюмча, мындай аялга кол чабуу, ага кызыгуу улуттун моралдык абалы үчүн эң начар көрүнүш", - деген ал О’Хара тууралуу.
Кандай болбосун анын каарманы көпчүлүккө үлгү болуп, Митчеллге Пулитцер сыйлыгын алып келген. Тилекке каршы, атактуулук маалында ал үчүн каражат жаатында көйгөйлөр жаралган. Көйгөйлөрүн өзү чечүүгө аракет кылып, жыйынтыгында ден соолугу начарлаган. Бирок дүйнө Маргарет Митчеллди карыганын да, ооруганын да көргөн эмес. Ал күтүлбөгөн жерден 48 жашында каза болгон. Аны 1949-жылы 16-августта күйөөсү менен киного бара жатканда мас айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Ал 5 күн бою эсине келе албай жатып каза болгон.
Ал узакка жашаса дагы адабий чыгарма жаратар беле белгисиз. Бирок бир эле чыгармасы аны атактуу кылган, ал эми романы экранга чыкканда Маргарет Митчеллди дүйнө жүзү тааныган.