18- Август 1993 -жылы
"Универсал" командасынын оюнчусу, "тамашоучу" Актилек Бекташев туулган
"Тамашоунун" "Универсал" командасынын оюнчусу Актилек Бекташев Ош шаарында төрөлгөн. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Фабрика айылында чоңоюп, ошол жердеги орто мектепте билим алган. Аны аяктаган соң Ош технологиялык университетинин автоунаа факультетинде окуган.
Ал ойногон "Универсал" командасы "Тамашоу" лигасынын 8-сезонунун чемпиону, SUPER.KG порталынын кубогунун, 2016-2017-жылдардагы "Ак калпак" кубогунун 2 жолку ээси.