29- Август 2017 -жылы бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган, бокс боюнча Дүйнө чемпиону Анжелик Дюшман каза болгон
Бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган, бокс боюнча жеңил салмак категориясында Дүйнө чемпиону франциялык спортчу Анжелик Дюшман 26 жашында каза болгон. Маалыматтарга караганда, ал машыгуу учурунда өзүн жаман сезип, "Тез жардам" менен Франциянын Перпиньян шаарындагы бейтапканалардын бирине жеткирилген. Көрсөтүлгөн жардамдарга карабай спортчу 29-августта эртең менен каза болгон. Ал өпкө артерияларынын эмболиясы дартынан улам көз жумганы болжолдонгон. 2017-жылдын май айында ал мушкер Эрик Руссону жеңип, Дүйнө чемпиону аталган. Дюшман 12-октябрда аталган өлкөнүн Монпелье шаарында өзүнүн титулун коргомок. Профессионалдуу рингде Анжелик 2012-жылдан бери келе жаткан. Ал жалпы 14 уруш өткөрүп, үчөөнү нокаут менен жеңген, бир да жолу жеңилген эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан