2- Сентябрь 2016 -жылы
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов каза болгон
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов каза болгон. 2016-жылы 28-августта Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тараган. Айрым оппозиция өкүлдөрү Каримовдун каза болгон да айтып чыгышкан. Ал эми кызы Лола Каримова-Тилляева атасынын мээсине кан куюлуп оор абалда экенин билдирген. 2-сентябрда Өзбек бийлиги Каримовдун каза болгонун расмий тараткан. 3-сентябрда анын сөөгү туулуп өскөн Самарканд шаарына коюлган. Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1991-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. 1996-жылы 26-мартта И.Каримовдун президенттик ыйгарым укуктары 2000-жылга чейин референдум аркылуу узартылган. Ал эми 2000-жылы 9-январда ал шайлоодо 91,9 пайыз добуш менен жеңип чыгып, 2-мөөнөткө президент болуп шайланган. Ошондой эле 2007-жылы 23-декабрда жана 2015-жылы 29-мартта өткөн президенттик шайлоолордо дагы И.Каримов жеңишке жеткен.
И.Каримов жубайы Татьяна Каримова менен 1967-жылы баш кошуп, Гүлнара жана Лола аттуу кыздуу болушкан. Айрым маалыматтарга караганда, анын биринчи жубайы Наталья Кучми болгон жана экөөнүн ортосунда Пётр аттуу уулу бар.