30- Август 2016 -жылы Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу болуп, жан кечти-террорчу каза тапкан
2016-жылдын 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. Жардыруунун күчү катуу болгондуктан элчиликке жакын жайгашкан дүкөндөрдүн айнектери сынган. УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган. УКМКнын маалыматына караганда, өзүн жардырган жан кечти 1983-жылы туулган уйгур улутундагы Зоир Халилов. Ал “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгон. Тажикстандын паспорту менен жүргөн. Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирген. Алардын бири мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 1990-жылы туулган Сирожиддин Мухтаров аттуу жаран болгон. Ал жардырууну ишке ашыруу үчүн Түркияда жүргөн, эл аралык террордук топтун мүчөсү, 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган Бурханидин Жантораевдин жардамын колдонгон. 2017-жылдын 27-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелгендерге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык Хасамидин Исмаилов 18 жылга, Хикматилло Абдулажанов 10 жылга жана Күназим Мансирова 10 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми алар менен чогуу кармалган эки жарандын кылмышка тиешеси жок экени аныкталган. Азыркы тапта Иззотилло Саттыбаев, Ильяз Сабиров, Бурханидин Жантораев издөөдө жүрөт. Ал эми Мубарак Турганбаев УКМКга күбө катары сурак берип чыккан. Ал башта кылмышка шектүү катары издөөгө алынгандардын тизмесинде болчу.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан