2- Сентябрь 1926 -жылы 16 сутка комада жатып эсине келген белгилүү актёр Евгений Леонов жарык дүйнөгө келген
Белгилүү орусиялык актёр Евгений Леонов Москвада инженерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Толмоч келген, күлкүмүштүү, өзгөчө келбетке ээ баланы 5-классында эле режиссёрлор байкап киного чакырышкан. Евгений Леонов 7-класста окуп жаткан маалда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Согуш учурунда Леоновдор үй-бүлөсү менен темир ширээтүүчү цехинде эмгектенишкен. 1941-жылы актёр авиациалык окуу жайга тапшырып, үчүнчү курста окуп жаткан маалда чыгып кеткен. 1948-жылдан тартып Константин Сергеевич Станиславский атындагы театрда ойной баштайт. 1954-жылы Евгений Леонов өзүнүң эң биринчи эпизоддук ролун "Деңиз аңчысы" атту тасмада жараткан. 1968-жылдан баштап Владимир Маяковский атындагы театрда эмгектенген. Бул театрда актёр өзүнүн эң мыкты ролдорунун бири болгон "Ванюшиндин балдары" атту пьесада Ванюшиндин атасынын ролун жараткан. Актёрго атактуулукту "Ала-була" рейс тасмасы алып келген. Белгилүү актёр өзүнүн жөнөкөйлүгү, жумшактыгы, жана өзгөчө драмалык таланты менен айрымаланып турган. Көп учурда терс каармандардын образын жаратканына карабастан, актёрдун ар бир каарманы кандайдыр бир өзгөчө мүнөзгө ээ болгон. Тасмага тартылуу маалында Леонов дээрлик гримди колдончу эмес. Актёрдун өзгөчө келбети, ар бир образды ийине жеткире бере алган. Мындан сырткары, актёр мультфилимде белгилүү "Винни-Пухтун" үнүн коштогон. 1988-жылы актёр клиникалык өлүмдү башынан кечирген. Германияда гастролдоп жүргөн убакта, актёр инфаркт алып, комада 16 сутка жаткан. Ага карабастан, Леонов өз ишине 4 айдан кийин кайтып келген. Евгений Леонов 1994-жылы 29-январда көз жумган. Актёр элдин эсинде өзүнүн "Ийгилик мырзалары" , "Ала-була рейс", "Чоң танапис" аттуу тасмаларындагы жараткан образдары менен эсте калган. "Ийгилик мырзалары" атту тасмада жараткан "Доцентин" ролу, жана анын “Уурдадың, ичтиң – түрмөгө түштүң! Мына сага, романтика!” цитатасы актёрго болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келген. Евгений Леонов эки жолу үйлөнгөн эки уулдун, бир кыздын атасы болгон. Актёрдун артында калган Андрей аттуу уулу атасынын жолун улап, азыркы тапта театр жана кино актёру болуп эмгектенет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан