8- Сентябрь 1993 -жылы Спортчу Иззат Артыков туулган
Иззат Артыков Токтогул районунда жарык дүйнөгө келген. Спорт менен Иззат 3-классынан баштап машыгып баштаган. Алгач аны апасы 2003-жылы Токтогул оор атлеттер мектебине берген. Ал жакта Иззат 7-классына чейин машыгып, андан соң Бишкектеги балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тарбияланган. Иззат Артыков көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү. Анын эң биринчи эл аралык маанидеги чоң ийгилиги болуп 2016-жылы Ташкентте өткөн Азия чемпионатында биринчи оорунду ээлегени эсептелет. Ошол эле жылы Бразилянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиадалык оюндарында коло медаль тагынган. Бирок кийин, атлетчини допинг колдонгон деген жүйө менен, аны дисквалификация кылышкан. Изат азыркы тапта Олимпиадалык оюндардын коло жеңүүсү бойдон калууда. Анткени Олимпиадалык комитет тарабынан териштирүү иштери бүтө элек.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан