8- Сентябрь 1941 -жылы Ленинград шаары блокадага алынган
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград шаары фашисттер тарабынан курчоого алынган. Блокада 1944-жылдын 27-январына чейин созулуп шаар 872 күн бою фашисттердин курчоосунда турган. Курчоодо 2 миллион 544 миң жаран калып, анын 400 миңге жакыны жаш балдар болгон. Бирок шаардыктар каармандык көрсөтүп, душмандарга баш ийип беришкен эмес. Сентябрь-октябрь айларында фашисттер эртең менен жана кечинде абадан аткылап турушкан. Жалпысынан блокада учурунда Ленинградга 150 миң снаряд, 107 миңден ашуун жардыруучу бомба ташталган. Анын кесепетинен 3 миң имарат бузулуп, 7 миңден ашыгына зыян келтирилген. Ачкачылыктан 630 миң адам көз жумган. Шаардын көчөлөрүндө өлүктөрдүн жатышы кадимки көрүнүш болуп калган. Көпчүлүгүнүн сөөгү Пискарев мемориалдык көрүстөнгө коюлган. Душмандардын курчоосунда калган Ленинградда ачкачылык башкы көйгөй болгон. Социалдык жактан муктаж болгондорго жана балдарга 20-ноябрдан 25-декабрга чейин күнүнө 125 грамм гана нан берилген. Жумушчуларга 250 грамм, ал эми аскердик күзөт, өрт өчүрүү боюнча команданын мүчөлөрүнө 300 граммдан нан берилген. Нан кебек жана сулу акшагынан жасалгандыктан өңү кара, даамы ачуу болгон. Ленинграддан 1,5 миллион эл башка жакка көчүрүлгөн. Шаар тургундарынын арасында өз үйлөрүн таштап кетүүгө каршы чыккандар да болгон. Буга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турган. Курчоого алынган Ленинградда биринчи кыш аябай суук болуп, термометрдеги көрсөткүч - 32,1 °Cге жеткен. Кыш май айына чейин созулган. Үйлөргө жылуулук, ичүүчү суу берилбей, канализация иштебей калган. Адамдар мешке от жагып, китептерди, эмеректерди күйгүзгөнгө мажбур болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан