7- Август 1947 -жылы СССРдин Эл артисти София Ротару туулган
СССРдин Эл артисти София Ротару туулган. София Ротару айылдык дыйкандын үйбүлөсүндө төрөлүп, айыл жергесинде чоңойгон. Ата-энеси алты баласын тең жаш кездеринен эмгектенүүгө үйрөтүшкөн эле. Алардын арасында София дагы ушундай бекем тарбия алган. Кичине чагынан эле талаа жумуштарына кол кабыш кылып, кара жумушту катыра аткарган. Ал эми чоңойгондо болсо турмуштун дагы бир кыйынчылыгы башына түшүп, базарда жемиш сатып оокат кылчу экен. Мектепте окуп баштаганда эле чиркөөдөгү хордо ырдап, майрамдык салтанаттарга катышып жүргөн. 1968-жылы Черновиц музыкалык окуу жайынын дирижерлук жана хор бөлүмүн, 1974-жылы Кишиневдогу искусство институтун аяктаган. София Ротарунун репертуарында 400дөн ашуун ыры бар. Ага алгачкы ийгилик 1962-жылы келген. Райондогу сынакта жеңип, облстукка кеткен. Өзгөчө үнү үчүн жердештери "Буковиндик булбул" деген ат коюшкан.  1968-жылы Ротару чыгармачылык топ менен бирге Болгарияда өткөн IX Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына катышып, алтын медаль жана элдик ырларды аткаруу боюнча биринчи орунду жеңил алган. 1971-жылы өзүнүн ансамблин түзүп, Черновицктеги филармонияда иштөөгө сунуш алат. Ансамбллдин көркөм жетекчиси болуп ырчынын күйөөсү Анатолий Евдокименко дайындалат. Андан кийин ал София Ротарунун бардык концерттеринде режиссер болуп келген. Өзүнүн чыгармачылык жолунда Ротару 400дөн ашуун ырды аткарган. Алардын көпчүлүгү советтик жана украиналык эстрадасынын классикасы болуп калды. Ырчы 30дан ашуун альбомун чыграган. Акыркы музыкалык альбомдору катары 2011-жылы чыккан "Жан дүйнөм учат", "Кечир" (2013), "Кыш" (2016) деген эмгегин айтууга болот. Ырчы Украинанын Эл артисти Анатолий Евдокименкого турмушка чыгып, Руслан аттуу уулдуу болушкан. Жолдошу 2002-жылы дүйнө салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан