8- Сентябрь 1930 -жылы Ричард Дрю скотчту ойлоп тапкан
Скотч - целлофандык негизи бар, бир бетине клей төшөлгөн жабышчаак лента. 1923-жылы Ричард Minnesota Mining and Manufacturing компаниясына жумушка орношот. Ал мезгилде аталган компания кайрак кагаздарын чыгарып, целлофан менен эксперименттерди жүргүзүп турган. 1925-жылы компания дүкөндөрдө жана унаа оңдоочу жайларда өзүнүн жаңы кайрак кагаздарын сыноодон өткөзүп, бул ишти көзөмөлдөө Ричардга тапшырылат. Бир күнү ал унаа оңдоочу жайда жумушчулардын арызданганын угуп калат. Алар кээ бир учурларда, унаанын кайсы бир жерин катарлаш эки түскө боёп жаткан мезгилде сызыктар кыйшык болуп, көрүнүшү начар болуп жаткандыгын айтышкан. Ричард бир нерсе ойлоп табууну убада кылат. Көп убакыт өтпөй, Ричард малярга 5 сантиметр болгон жабышчаак лентаны алып келет. Иш учурунда лента жыйрылып кеткен. Беш жыл ичинде ар кандай эксперименттерди, толуктоолорду жүргүзгөн соң гана 1930-жылы Ричард Дрю биринчи скотчту тартуулаган. Ошол эле жылдын 27-майында Ричард өзүнүн ойлоп тапкан - жабышчаак тунук лентасын патенттеген. Дүйнөдөгү биринчи скотч каучуктан, майдан жана целлофандык негизи бар смоладан жасалган. Ал суу өткөрбөй, мындан сырткары ар кандай температураны көтөрө алган. Эң алгач скотчту азык-түлүк салган баштыкты бекитүүгө колдонушкан. Убакыттын өтүшү менен адамдар аны бардык тармактарда колдоно башташкан. 1932-жылы Жон Борден скотчту бекитип коюп, дароо кесип алчу лезвие орнотуп аны жакшырткан. Азыркы учурда скотчтун 3 миллион 900 миң түрү бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан