12- Сентябрь 1973 -жылы
Америкалык актёр Пол Уокер туулган
Америкалык актёр, модель Пол Уокер туулган. Карьерасы 2 жашында жалаяктарды жарнамалоодон башталган. Ал эми 13 жашында “Шкафтагы албарсты” тасмасына тартылып, андан соң дагы бир канча фильмдерге тартылуу сунушун алган. 2001-жылдан тарта экинчи пландагы ролдордон башкы каармандын образын жаратууга өтүп, өзүнүн алгачкы башкы ролун “Форсаж” тасмасында белгилүү актёр Вин Дизель менен бирге аткарган. Фильм ага болуп көрбөгөндөй атактуулукту алып келип, АКШга эле эмес, бир канча мамлекетке таанылган.