12- Сентябрь 1980 -жылы
Бою 2,5 метр кытайлык баскетболист Яо Мин туулган
Азиядагы эң белгилүү мурдагы баскетболчу Яо Мин 37 жашка толду. Ал 1980-жылы 12-сентябрда Шанхай шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси профессионал баскетболчу болгондуктан, ал үчүн кесип тандоо оорчулук деле эмес. Яо Мин кичине кезинен баскетбол менен алек болуп, 16 жашында жергиликтүү "Шанхай Шаркс" командасында ойноп баштаган. Аталган команда менен Улуттук чемпиондукту жеңип алган.
2002-жылы Яо Мин Американын Улуттук баскетбол ассоциациясынын (НБА) "Хьюстон Рокетс" клубуна өтүп, ошол жылдын драфтынын (НБАнын 30 клубунун лигага кире турган жаңы баскетболчуларды тандоо тартиби) биринчи номери болду. Мындай ийгиликке буга чейин азиялык спортчулар жетишкен эмес.
Бою 229 сантиметрге жеткен спортчу лигадагы бою эң узун баскетболчу болгон. Алгачкы сезондун жыйынтыгында Яо Миндин командасы 9-орунга ээ болгонуна карабай, Ассоциация ага лигадагы мыкты жаңы баскетболчу наамын берген.
Яо Мин дайыма НБА жылдыздарынын беттешине катышчу жана 5 жолу НБАнын символдук курамасына кирген. Тилекке каршы лигадагы акыркы сезондордо Яо Мин көп жаракат алган учурлар болгондуктан ал 2009-2010-жылкы сезондо оюндарга такыр кытышпай калган. Ошондой эле жаракат алган үчүн Кытай курамасы менен Дүйнө чемпиондугуна барбай калган. Кийинки сезондо бир нече оюнга гана катышып Яо Мин карьерасын жыйынтыктоо чечимин кабыл алган.
Жеке жашоосунда Яо Мин ата-энесинин жолун тандап жубайын профессионалдуу баскетболдон тапкан. Яо Миндин жубайы Е Ли Кытайдын чемпиондугунда ойноп, көп жолу улуттук курамга чагырылган. Яо Мин Кытайда жашап, Кытайдын эң белгилүү жана сүйүктүү спортчусу болуп эсептелет. Ал жөнүндө тасма тартылып, анын өмүр баяны окурмандар арасында популярдуу болуп саналат.