17- Сентябрь 2017 -жылы
Токой чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Сентябрь айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз өлкөсү, Орусия, Беларусь жана Украинадагы токой чарбасында иштегендер кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрамды белгилөө чечими 1966-жылы 13-августта СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиуму тарабынан кабыл алынган.
Маалыматтарга караганда, токойлор кургактыктын үчтөн бир бөлүгүн ээлеп, аянты 38 миллион чарчы чакырымды түзөт. Анын жарымы тропикалык токойлор, төрттөн бир бөлүгү түндүк жарым шаарында жайгашкан. Ал эми Кыргыз мамлекетинин 5,6 пайызын гана токой ээлейт жана жыл сайын 1000 гектар жерге 17 миллион ар түрдүү көчөттөр отургузулат.
1947-жылы өкмөттүн атайын токтому менен Токой чарба министрлиги түзүлүп, анын жетекчиси болуп Садык Абдыманапов дайындалган.