19- Сентябрь 1888 -жылы Бельгияда тарыхтагы алгачкы сулуулар сынагы өткөн
Бельгиядагы курорттордун биринде тарыхтагы эң алгачкы сулуулук сынагы өткөн. Ага катышуу үчүн 350 кыз сүрөттөрүн жөнөтүшүп, финалга калыстар тобу аркылуу 21 сулуунун сүрөтү тандалган. Алар “сулуулук ханышасы” титулу үчүн ат салышып, калың элге таанылбоо максатында атайын даярдалган жана чоочун элге кирүүгө тыюу салынган үйдө жашашкан. Ал эми сынакка жабык экипаж менен жеткирилип турган. Кызыгы сынакка катышкан кыздардын баары узун көйнөктөрдү кийип чыгышса, көрүүчү катары келген эркектердин баары фрак кийип отурушкан. Жеңүүчү катары 18 жаштагы Гваделупанын сулуусу Берта Сукаре табылып, сыйлык иретинде 5 миң франкка ээ болгон. Ал кезде сулууларга таажы ыйгаруу салты баштала элек эле. Бирок сулуунун кийинки жашоосу белгисиз бойдон калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан