4- Октябрь 1991 -жылы "Тамашоучу" Рүстөм Аскенов туулган
"Тамашоучу" Рүстөм Аскенов Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча тиш доктур. Бирок кичинесинен эле чыгармачылыкка кызыккандыктан, мындан 9 жыл мурун "Тамашоуго" келип "Ак-Өргө City" тобунда ойногон. Көптөр аны "Бир мешок акча" тасмасындагы ашпозчунун ролу аркылуу таанышат. 2016-жылы эл назарына коюлуп https://www.super.kg/kabar/news/247657/Кубаныч Курманбеков экөө тең режиссёрлук кылган "Бир мешок акча" комедиясында башкы ролдордо да өздөрү образ жаратып, күлкүгө толгон тасманын көркүн ачышкан. Рүстөм Аскенов тасма жаратууга билек түрүп киришкенден тарта 12 комедия тартууга жетишкен. 2017-жылы кыргыз комедияларынын катарын Нурлан Жаныбеков менен Рүстөм Аскенов продюсерлик кылган "Понт" тасмасы толуктады. Аталган фильмдин баш каармандары - Азамат Исмаилов, Алтынбек Казакбаев, Шумкар Бейшеналиев жана башкалар. Рүстөм Аскенов 2017-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. 2018-жылы 30-майда Казакстандын Алматы шаарында "Снять за 48 часов" аталышындагы эл аралык кинофестиваль өтүп, катышуучулар кино тууралуу тапшырма алышып, 48 сааттын ичинде кыска метраждуу, тагыраагы, 4 мүнөттүк тасма даярдашы керек. Тамашоучулар Рүстөм Аскенов, Самат Эркинбеков, Кубанычбек Курманбековдор фестивалга катышып, алар тарткан "Байпак" тасмасы "Эң мыкты комедия" наамын жеңип алган. Рүстөм Аскенов 1991-жылы 4-октябрда Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча тиш доктур. Бирок кичинесинен эле чыгармачылыкка кызыккандыктан, мындан 9 жыл мурун "Тамашоуго" келип "Ак-Өргө City" тобунда ойногон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан