6- Октябрь 2017 -жылы Ырчы Гүлбү Ороскул кызы каза болгон
Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, "Кыз-жигит сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы каза болгон Бул күнү эртең менен ырчынын үйүнө "Тез жардам" кызматы келип кеткен. Дарыгерлер келгенге чейин ырчынын каза болгону айтылган. Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча Гүлбү Ороскул кызынын ашказан оорусунан улам ичине кан толуп кетип көз жумган. Ырчы 40 жашта эле. Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Жакында эле небере жытын искеген ырчы 2 кыздын энеси. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Ороскул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы "Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенип келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан