7- Октябрь 2017 -жылы Вице-премьер Темир Жумакадаров жол кырсыгынан каза болгон
Вице-премьер-министр Темир Жумакадаров 38 жаш курагында Талас облусуна кезектеги кызматтык иш сапарына баратканда жол кырсыгынан улам каза болгон. Темир Жумакадыров 1979-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун Рыбачье шаарында туулган. Кыргыз улуттук университетин “эл аралык мамилелер” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек таржымалын БУУӨДнун Нарын жана Чүй облустары боюнча улуттук волонтёру катары баштаган. Андан соң КМУУнун эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунда окутуучу, эл аралык кызматташуу жана инвестициялар департаментинин начальниги болуп эмгектенген. Кыска мезгил Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын эксперти болуп иштеген. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматын ээлейт. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси кызматына дайындалат. 2015-жылдан тартып  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы. Ал мамлекеттик органдарда коррупциялык системдерди демонтаждоо боюнча жумушчу топту жетектеген. 2017-жылдын 26-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри болуп иштеп келди. Коргоо, коомдук коопсуздук, укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү маселелерин көзөмөлдөгөн. 25-сентябрда Темир Жумакадыров Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилигине дайындалат. Анын өмүрү кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыйылды. Темир Жумакадыров демилгелүү, билимдүү адам эле. Ушул касиеттери чанда кездешчү адамгерчилик менен айкалышып турчу. Анын саясый жана мамлекеттик ишмердиги жаңы гана башталган. Ал бардык күчүн, билимин жана жөндөмүн Кыргыз өлкөсундө гана эмес калыс жана демократиялуу коом, эркин адамдардын өлкөсүн курууга жумшаган. Темир Жумакадыров жаштыгына карабастан, эгемендүү Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө олуттуу салым кошту. Эмгеги үчүн “Даңк” ордени менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан