10- Октябрь 2017 -жылы Өлүм жазасына каршы күрөшүүнүн бүт дүйнөлүк күнү
Бүткүл дүйнөлүк өлүм жазасына каршы күрөшүү күнү. Ал 2003-жылы Бүткүл дүйнөлүк өлүм жазасына тыюу салуу коалициясынын демилгеси менен негизделген. Аталган коалиция 2002-жылы Римде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага 150 улуттук жана эл аралык укук коргоо уюмдары кирет. Анын глобалдык максаты - дүйнөдөгү өлүм жазасы мыйзамдуу деп эсептелген өлкөлөрдөгү бул жазалоо ыкмасын жокко чыгаруу. Маалыматтарга караганда, учурда 39 өлкөдө өлүм жазасы бар. Алардын катарына Африкадагы, Жакынкы Чыгыш жана Азиядагы, Америка Кошмо Штаттарындагы өлкөлөр кирет. Өлүм жазасына тартылгандардын 90 пайызы Иран, Пакистан жана Сауд Арабиясындагылар. Кытайда дагы өлүм жазасы көп ишке ашырылат. Бирок бул тууралуу маалымат мамлекеттик сыр болуп эсептелгендиктен, анын так саны белгисиз бойдон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан