10- Октябрь 1994 -жылы Түштүк кореялык ырчы жана актриса Сюзи төрөлгөн
“Бийик кыялдан”, “Гу үй-бүлөсүнүн китеби”, “Акылга баш ийбеген ашыктык” сериалдары жана “Архитектураны таануу” тасмасына тартылган Сюзини корей дорамаларын сүйүүчүлөрү өтө жакшы көрүшөт. Адегенде ырчы жана модель катары эл оозуна алынып, акыркы учурда актрисалыкты өздөштүрүп келе жаткан атактуу өзүнөн кем калышпаган корей жылдызы Ли Мин Хонун сүйүктүүсү. 1994-жылы туулган Сюзи эс тарткандан ырчы болууну кыялданчу. 2009-жылы Түштүк Кореядагы таланттарды элге алып чыгуучу шоу берүүлөрдүн бирине катышып, анда “JYP Entertainment” компаниясынын көңүлүн буруп калган. Көп өтпөй аталган компания менен иштешүүгө келишим түзгөн каарманыбыз 2010-жылы 10-октябрда туулган күнүндө “miss A” кыздар тобунун мүчөсү катары биринчи жолу сахнага чыккан. Бир жылдан кийин тасмадагы дебютун жасап, “Архитектураны таануу” деген фильмде роль жаратат. Аталган мелодрама жанрында тартылган тасманы 2 айдын ичинде 5 миллиондой адам көрүп, Түштүк Кореяда жаңы кассалык рекорд катталган. Адатта Түштүк Кореяда кайсы бир бойдок жылдыз жарнамалык келишимге кол коёрдо айныгыс бир шартка макул болууга аргасыз. Кокусунан ал бойдок жылдыздын башка бирөө менен мамилеси бар экендиги элге билинип калса, анда олчойгон айып пул төлөшү керек болот. Сюзи Түштүк Кореяда жарнамадан түшкөн кирешеси боюнча эң көп тапкан экинчи атактуу айым болуп саналат. Анын 30дан ашуун бренддер менен келишими бар. Ли Мин Хо деле кем калышпайт, ал Кытайда жана башка өлкөлөрдө да жарнамадан көп акча тапкан жылдыз. Экөөнүн чөнтөгүнө жарнаманын эсебинен миллиондогон доллар түшүп турат. Баары “эми эмне болот?” деп күтүп жатышкан. Жыйынтыгында бул кыз-жигит менен иштешкен компаниялар келишимин эмне үчүн бузбагандыгын минтип түшүндүрүшкөн: “Алар өтө эле атактуу жана орду алмаштырылгыс жылдыздар”. Ушул убакка чейин экөө бир жолу эле журналисттерге кармалып калышкан, анда экөө бардан чыгып келе жатышкан болчу. Каарманыбыздын күйөрмандары менен хейтерлери да жетиштүү санда. Анын Твиттердеги баракчасында 2 миллиондон ашуун окурманы бар. Дегеле мындай сандагы окурманга Сюзи корей атактууларынын ичинен биринчи болуп жеткен. Эми мына ошол социалдык тармакта хейтерлердин бири ырчы кыздын өлүмүн тилеген постторду тынбай жаза берген. “Мен сени жек көрөм, автокырсыкта өлүп калсаң экен” деген жазууга Сюзи “Эгер мен өлсөм, сен ыраазы болосуңбу?” деген суроо калтырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан