19- Октябрь 2016 -жылы Конституциянын түп нускасы жоголгон
Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциянын түп нускасы "жоголгон". Парламентте “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы боюнча референдум дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатканда Баш мыйзамдын түп нускасы кайсы органда экени жөнүндө сөз козголгон. Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Конституциянын оригиналы, мыйзам боюнча, президенттик администрацияда сакталарын, өзү жетектеген министрликте жок экенин айтса, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевпрезиденттик аппаратта да документтин оригиналы жок экенин маалымдады. "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, 2010-жылы Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп турган Акылбек Сариев өлкөнүн башкы документинин оригиналы президенттик аппаратта сакталышы керектигин айткан. Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Убактылуу өкмөт жактырган 2 Баш мыйзамдын долбоору архивде сакталганын, ал эми "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган 2010-жылкы Конституциянын президент кол койгон бирдиктүү тексти негизи эле жок экенин билдирген. Баш мыйзамды жазгандардын бири же Конституциянын "атасы" аталган Өмүрбек Текебаев президенттик аппаратта сакталып турган документ - Конституциянын тарыхый экземпляры экенин, ошол текст басылып таратылганын айткан. Анын сөзү боюнча Президенттик аппаратта сакталган документ Баш мыйзамдын тарыхый экзмепляры, ал жактан алынып "Эркин-Тоо" гезитине басылып чыккан текст түп нуска болуп саналат. Конституциянын түп нускасы жок болуп жаткан маалда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоону башка күнгө жылдыруу сунушталган. Көптөгөн каршылыктарга карабай Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алган. Жогорку Кеңештеги талкуудан кийин Конституциянын түп нускасын издөө башталган. Кийин 2010-жылдагы Конституцияга Роза Отунбаева да, Өмүрбек Текебаев да, БШКнын төрагасы да кол койбогону белгилүү болгон. Баш мыйзамдын акыркы текстине Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев жооптуу болгон. Ал Конституциянын жазып жатканда көптөгөн талкуулардан кийин бир документке Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө кол койдуруп алганын, ошол документ өзүндө сакталып келгенин билдирген. Бирок ал Конституциянын түп нускасы эместигин айткан. Натыйжада 2010-жылдагы референдумдун уюштуруучуларынын эч кимиси Конституциянын түп нускасына кол коюшкан эмес. Ооба, Конституция кол коюуну талап кылбайт, бирок юридикалык процедураларга шалаакы мамилени көрүүгө болот. Баш мыйзамдын түп нускасы катары эки документ каралары маалым болду. Алар 2010-жылдын 19-майында Убактылуу өкмөттүн №40-декрети менен референдумга чыгарылган Конституциянын долбоору менен 2010-жылдын 26-майындагы №52-декреттеги долбоорго түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча документ. Баш мыйзамдын легитимдүүлүгү 2010-жылы 6-июлда "Эркин-Тоо" гезитине басылып чыкканы менен аныкталары айтылган. Ошол Конституция менен Кыргыз Республикасы 6 жыл жашады. 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүлгөн. Муну менен 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституция 9 жолу өзгөртүлгөн. Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон соң Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, ошол мезгилдеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөлөрүн тапшырган. Ошондой эле Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталарын белгилеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан