Кыргыз Республикасында расмий түрдө волейбол боюнча энелер лигасы түзүлгөн.
Алардын алгачкы турнири эркектер арасындагы өлкө биринчилиги аяктагандан кийин, ноябрь айында өткөрүлгөн.
Негизи аталган лига 2016-жылы эле түзүлүп, бирок 1 жылдан кийин официалдуу Лига болуп аталган.
Волейбол боюнча энелер лигасынын алкагындагы алгачкы мелдеш 6 команданын катышуусунда 2016-жылдын май айында өткөн. Мындан соң волейбол федерациясы лиганы өзүнүн көзөмөлүнө алып, расмий түрдө федерацияны мелдештер календарына киргизген.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында волейбол боюнча 40тан ашык команда бар. Лигада 7,8 жана 9 бала төрөгөн энелер да бар.