1- Ноябрь 1976 -жылы Ырчы Гүлбү Ороскул кызы туулган
Гүлбүбү Ороскул кызы 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. 1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы бүтүргөн. Эки кыздын энеси, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы калың элге өзүнүн "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага", "Ортомчу бизге Ысык-Көл" жана башка ырлары менен белгилүү болгон. 2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө кызмат кылып келген, фольклор жана эстрада ырчысы кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунда да ырдап келген. 2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген. Ал 2017-жылдын 6-октябрында оорудан улам көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан