7- Ноябрь 2017 -жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү
2017-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул күнү биринчи жолу тарыхый окуяларга байланыштуу орнотулган эстеликтерге Алмазбек Атамбаев гүл койду. Бүткүл өлкө боюнча көп улуттуу кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чаралар өтөт. "Өкмөткө тарыхый эстеликтерди реконструкциялоо жана көркүнө келтирүү, элибиздин өнүгүүсүнүн өзөктүү этаптарын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгуу тапшырылды. Анын ичинде Улуу Кыргыз каганаты калыптанган жана гүлдөп өнүккөн мезгил, карахандар доорундагы кыргыздардын жашоо-турмушу, жунгар жапырыгы жана Кокон хандыгынын баскынчылыгы учурунда элдин башынан өткөн кыйынчылыктары, ошондой эле Россия элдери менен жөнөкөй эмес, бирок үзүрлүү жана кыргыз мамлекетинин кайра жаралышына алып келген биргелешкен тарыхы да бар. Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн акыркы 26 жылдагы драматизмге жана тагдыр чечүүчү окуяларга жык толгон соңку жаңы тарыхын изилдөө да абдан маанилүү. 7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл толот. 1917-жылы Россияда болгон окуялардын, Февраль, андан соң Октябрь революцияларынын мааниси, алардын дүйнөлүк тарыхка, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн тарыхына тийгизген таасири баа жеткис. Совет мезгилиндеги жетишкендиктер биздин өлкөдө Октябрь революциясына болгон оң мамилени калыптандырды, Кыргыз өлкөсүнүн жана Россиянын тилектеш элдеринин ортосундагы достукту бекемдеди. Бул достук Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында, ошол учурдагы жалпы Мекенибиз болгон Советтер Союзу үчүн бирге салгылашкан кезде, айрыкча даана көрүндү. Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат. Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргыз өлкөсүнүн келечектеги өнүгүүнүн багыттарын туура аныктап, болочок муун үчүн бекем негиз түзүп, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат", - дейт Алмазбек Атамбаев.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан