10- Ноябрь 1977 -жылы Корей актёру Вон Бин туулган
Түштүк Кореянын сериалдарын сүйүүчүлөр “Бин деген фамилиялуу үч “красавчик” актёр бар. Алар: Вон Бин, Хён Бин жана Ким У Бин” дешет. Мына ошол үчөөнүн ичинен эң улуусу болгон Вон Бин 1977-жылы төрөлгөн жана бүгүн анын туулган күнү. Ал 2000-жылы чыккан “Жүрөгүмдөгү күз” деген сериалдан кийин жамы журтка таанылган. Актёр балалыгында автомеханик болууну кыялданып, атүгүл окуучулук курагында технология жана техника багытындагы мектепти аяктаган. 1995-жылы жаңы актёрлорду издеп жаткан жарыялардын бирин окуп калып, кастингден ийгиликтүү өтүп кеткен. Түрдүү сериалдарга тартылып, анда аткарган ролдору жакшы кабыл алынып, актёрдук чеберликти үйрөнүү үчүн Искусство институтуна да тапшырган. Бирок аны корей жылдыздарынын “А” классына кошкон дорама – “Жүрөгүмдөгү күз” болгон. Сериалдын өзү Түштүк Кореяны гана эмес, Азиядагы өлкөлөрдүн баарын каптап, ошол кезде болуп көрбөгөндөй популярдуулукка чөмүлгөн. Кийин 2004-жылы корей согушу тууралуу чагылдырылган “38-параллель” деген аскердик блокбастерге тартылып, сынчылардын мактоосуна жана көрүүчүлөрдүн дагы бир жолку сүйүүсүнө арзыган. Ал эми акыркы тартылган тасмасы бул – “Кайдан келгени белгисиз адам”. Адамдын органдарын сатуучулар менен болгон күрөштү баяндаган бул фильм да 2010-жылы хитке айланган. Сценарийди кокусунан окуп калган Вон Бин башкы каармандын ролун ойноо сунушун режиссёрго өзү киргизген. Фильмдеги бардык трюктарды актёр каскадёру жок эле өзү аткарган. Жеке турмушуна келсек, 2015-жылы актёр актриса жана модель Ли На Ёнго үйлөнгөн. Эки атактуунун тоюна 50гө жакын гана адам чакырылып, туугандарынын, жакын досторунун курчоосунда өткөн. Ошол эле жылдын декабрь айында түгөйлөр уулдуу болушкан. Соңку 7 жылдан бери Вон Биндин күйөрмандары аны экранга кайтып келүүсүн саргара күтүшүп, бирок үмүтү азырынча актала элек. Керек болсо, бир убак актёр көп убакыттан бери өзүнө долбоор тандай албай жатканы үчүн сынга кабылган. Мисалы, 2012-жылы “Ушул кышта шамал согот” деген дорамадагы башкы ролдон баш тарткан. Кино дүйнөсүнөн алыстап кетсе да, Вон Бин кайрымдуулук иштери менен көп алектенип, модель катары жарнамалык роликтерге тартылып турат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан