28- Ноябрь 2005 -жылы SUPER.KG порталы каттоодон өткөн
2005-жыл. 28-ноябрь. SUPER.KG порталы каттоодон өткөн. Бул жөн эле дата эмес келечеги кең, ийгиликтүү порталга айланып, окурмандарга жагымдуу кабар, музыка, кызыктуу тасмаларды тартуулоочу булактын башталышы. 13 жылда кыргыз тилдүү сайттардын сап башына чыга алган портал азыркы учурда күнү-түнү окурмандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп келет.
2006-жыл. 28-март. SUPER.KG порталы иштеп баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган Кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон. Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган Кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады. 
2008-жыл. 23-апрель. SUPER.KG порталы "Медиа-портал" менен толукталган. Бул маалда кыргыз эстрадасында жаңы жылдыздар пайда болуп, көп ырлар жазылып, байма-бай клиптер тартылып баштаган. Албетте, анын баары порталга жайгаштырылган.
 2008-жыл. 21-октябрь. "Медиа-порталда" популярдуу клиптердин СуперХит сынагы старт алган. Ушул эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган. Бул бөлүмдүн кызматкерлери эксклюзивдүү видеобаяндарды, пайдалуу кеңештерди сунуштап, өнөрпоз, саясатчы, спортчулардан баштап түрдүү кесип ээлерине микрофон сунуп келишет. 
 2010-жыл. 24-апрель. "Медиа-порталда" "Элдик видео" бөлүмү ачылды. Бул бөлүмдө ар бир колдонуучу өзү каалаган видеолорду жүктөп келет.
 2011-жыл. 28-июнь. Порталда "Жылнаама" бөлүмү ишке кирди. Анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн. 
 2011-жыл. 26-октябрь. Порталдын колдонуучулары окуп, көрүп, комментарий жазып гана тим болбостон, ойноо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. Бул күнү "Оюндар" бөлүмү ишке кирди. Мезгилдин өтүшү менен порталда кызыктар арбып баратты. 
 2012-жыл. 17-апрель. Акырындык менен мобилдик интернетке суроо-талап өсө баштады. Сайттын мобилдик версиясы иштелип чыгып, колдонуучуларга "Медиа-порталдан" ыр угуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
 2012-жыл. 24-октябрь. Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, кылмыш-кырсыктар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат. 
 2014-жыл. 2-май. Акыркы жылдары кыргыз жеринде жаш режиссёрлор боор көтөрүп, тартылган тасмалардын саны арта баштады. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды. 
 2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш бакты. 
 2015-жыл, 2-апрель. “Соңку кабар” бөлүмүндөгү “Элдик кабар” рубрикасы борборго тиешелүү деңгээлде жаңылык жеткире албаган айыл элин, чет жерде жүргөн мекендештерибизди жана жалпы окурмандарына маалымат бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү. “Элдик кабар” учурда эл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди район, облус жетекчилерине, өкмөткө жеткизүүгө шарт түзүп, буга катар мекендештердин алгылыктуу, үлгүлүү иштерин коомго көрсөтүүдө. Муну көз жаздымда калтырбай, порталыбыз ар ай сайын жеңүүчүнү аныктап, заманбап смартфон менен сыйлап келет. 2017-жыл, 13-декабрь. "М-Вектор" консалтинг компаниясы медиа рынокту иликтөө максатында сурамжылоо жүргүзүп, SUPER.KG порталын Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп тапты.2018-жыл, 7-декабрь. SUPER.KG порталы YouTube'дун "Күмүш баскычына" ээ болду. "Күмүш баскыч" YouTube каналынын авторлоруна жүз миңден ашуун катталуучу топтогондон кийин берилет.
Катталгандардын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 76 миңден ашат. Бир айда сайтыбызга 32 миллиондон ашуун кароо болот. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан